Эгер коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал начарлап кетпесе, Бишкектин көпчүлүк мектептери жазгы каникулдан кийин буга чейинки режимдегидей иштей баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.
«1-апрель күнү төртүнчү чейрек башталат. Биз аны үчүнчү чейректегидей эле режимде баштоону пландап жатабыз. Тагыраагы, жети класс (1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстар) мектепке келип окушат. Калган төрт класс мурдагыдай эле онлайн-режимде окуй турсун деп жатабыз», — деди ал.
Ошондой эле Иманалиева жакынкы эки-үч аптадагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечим кабыл алынарын жана бардык окуучуларды мектепте окутууга шарт түзүлөрүнө үмүт кыларын кошумчалады.