Воскресенье, 19 мая

Сутка ичинде коронавирус 71 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 71 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 53, Ош – 1, Чүй облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 62 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 36, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 23 жана Нарын облусунда – 1 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болуп, өлгөндөрдүн саны 1497 адамга жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 550 бейтап, амбулатордук түрдө 515 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 163 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 653 киши айыгып чыкса, 1 миң 497 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз