Казакстанда митингге чыккандар кармалды

0

27-мартта Казакстандын бир нече ири шаарында «Кытайдын экспансиясына» каршы митингдер өттү. Акция катышуучулары бийликтин Бээжинге жер тилкелери менен активдерди беришине, жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө көмөктөшпөй жатканына нааразылык билдиришти.

Буга чейин өлкө жарандарын нааразылык акцияларга чыгууга «Казакстандын демократиялык партиясы» кыймылынын лидери Жанболат Мамай менен бозгундагы оппозициячы Мухтар Аблязов чакырган.

Алматыдагы митингге 300гө жакын киши катышты. Алардын көбү колдоруна Кытайга каршы ураандар жазылган плакаттарды кармап, казак бийлигин өлкөдө Бээжин менен биргелешкен ишканаларды курбоого, жерди чет элдиктерге ижарага бербөөгө жана ал жерлерди коргоого чакырышты.

Акция бийлик менен макулдашылганына карабастан, айрым активисттер аянтка бараткан жолдо кармалды. Митинг өткөн аймакта интернет иштеген жок.

«Эркин Европа» радиосунун казак кызматы Актөбө шаарындагы акциянын бир нече катышуучусу кармалганын кабарлады. Нур-Султанда полиция «митинг өткөрүлө турган жер» деп көрсөтүлгөн цирктин имаратына баратканда бир нече адамды кармаган. Ал күнү эртең менен цирктин жанындагы аймак курчоого алынып, аянтка кар тазалоочу унаалар коюлган.

Чымкент шаарында полиция кеминде эки адамды кармады.  Алар “Кытайдын экспансиясына” каршы болгонун билдирип, саясий себептер менен куугунтукталган активисттерди бошотууну талап кылышкан. Ошол эле күнү Орол шаарында эки активист кармалганы, полиция митингге чыккандардын үйлөрүндө нөөмөттө турушканы кабарланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз