Пятница, 22 ноября

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды

0

Бүгүн Кыргызстанда коронавирус илдетине каршы эмдөө башталды. Эмдөөгө кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасынын биринчи дозасын алгачкылардан болуп шаардагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары алды.

Коранавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамда кандайдыр бир реакциялар болсо, өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги жоопкер болот. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү эмдөөдөн өтөөрдөн мурдагы маалымат жыйынында билдирди.

“Бул вакцина дүйнөнүн 53 өлкөсүндө колдонулган экен. Анын таасири дене тап бир аз көтөрүлүп, адамды алсыратат экен. Вакцинаны алган адамдын саламаттыгында оорчулуктар болсо, өкмөт менен Саламаттык сактоо министри жооп берет. Анын ичинде министр катары мен жооп берем”, -деди Бейшеналиев.

Ошондой эле ал азырынча Кыргызстанда коронавирустун мутанцияланган жаңы түрү каттала электигинда кошумчалады.

Алымкадыр Бейшеналиев ошондой эле маалымат жыйынында Орусиянын «Спутник V» вакцинасы Кыргызстанга май-июнь айларында келиши мүмкүнэкенин айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз