Пятница, 22 ноября

Новиков: Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок санитардык коопсуздук ченемдери күчөтүлөт

0

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде санитардык коопсуздук ченемдери күчөтүлөт. Мындай тапшырманы Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык кызматтарга берди. Мындан аркы чаралар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аймактагы эпидемиологиялык абалдын деңгээлинен көз каранды түрдө кабыл алынат.

Ал белгилегендей, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясынын өсүү ыктымалдыгына жараша медициналык мекемелердин даярдыгын үзгүлтүксүз негизде мониторингдөөсү зарыл.

«Дүйнө жүзү боюнча коронавирус оорусунун өсүүсү байкалууда, коңшу мамлекеттерде чектөө чаралары киргизилди. Биздин бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарыбыз жарандардын арасында оорунун күч алуусуна толугу менен даяр турушу керек. Мен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык штабдын бир катар маанилүү тапшырмаларын аткаруусу боюнча жетишсиз ишин белгилеп кетким келет. Ведомство биринчи кезекте медициналык мекемелердин медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, суюк кычкылтекти берүү тутумунун иштеши боюнча жабдуу менен камсыздалышы боюнча жүргүзүлүп жаткан ишти өзгөчө контролдошу керек. Бул талдоо ар бир саламаттык сактоо уюмунун чегинде үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүшү керек. Бул сиздердин күнүмдүк ишиңиздер. Сиздерге штаб сөзсүз түрдө бул тапшырмаларды бериши керекпи? Мен ар бир жетекчи жоопкерчилик жөнүндө унутпашын өтүнөм, шалаакы мамиле болбошу керек. Өткөн жылы пандемия күч алган мезгилде кетирилген кемчиликтерден жыйынтык чыгарыңыздар!», — деди Артём Новиков.

Ал менчиктен көзкарандысыз түрдө, бардык мекемелерде, жабык жайларда милдеттүү түрдө беткап режими сакталышы тийиштигин белгиледи.

«Биз жарандарды дары-дармек, орундар, медициналык адистер менен камсыздайбыз, бирок ар бир жаран аң-сезимдүү мамиле жасап, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыздашы керек», — деди биринчи вице-премьер-министр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз