Четверг, 2 мая

Муфтийдин шайлоосу кечеңдеши мүмкүн

0

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында (КМДБ)  чыр уланууда. Маалыматка ылайык муфтияттын өкүлүнө жана комиссия мүчөлөрүнө психологиялык басым көрсөтүлгөнү, жада калса коркутуулар да болгондугу айтылууда.

Бүгүн муфтийликке талапкерлерди тандоо жүргүзгөн конкурстук комиссиянын  жетекчиси КМДБнын Аалымдар Кеңешине кат жиберди. Катта Мамасабыр Досболовдун муфтийлике талапкерлердин бирөөсүн колдоого алуусу үчүн басым жасалып жаткандыгын жазылган.

Муфтийликке талапкерлердин бирөөсүнүн жактоочусу Жеңиш аттуу жаран (0555890973) номеринен чалып коркуткан. Ал билим жаатындагы тандоодо деңгээли талапка жооп берээрлик болбосо да Шакир Маматовдун талапкерлигин өткөрүүсүн талап кылган. Ошол эле учурда Чүй областынын казысы тарабынан да ушундай эле талап менен комиссияга психологиялык басым көрсөтүлүп жатканы социалдык түйүндөргө чыкты.

Мындай басымдардан улам конкурсттук комиссиянын жетекчиси Мамасабыр Досболов Аалымдар Кеңешинин төрагасына мөөнөттү дагы бир айга жылдырып берүүсүн суранып кат жиберген. Ал талапкерлердин өлкөдөгү тыюу салынган экстремисстик топтор менен байланышы бар же жок экендигин дыккат карап, тактоосун талап кылууда.

Эскерте кетсек, мурдагы муфтий Максат ажы ажылыкты уюштуруудагы акчаларды пайда көрүү максатында колдонууга тиешеси бар деп УКМК тарабынан кармалган болчу. Кийин эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз