Четверг, 2 мая

Түркияда карантиндик чектөөлөр кайра күчөтүлдү

0

Түркияда коронавирус илдетинин кайра тездеп жайылышына байланыштуу бүгүн, 30-марттан тартып иш күндөрү кечки саат тогуздан таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынды.

29-мартта президент Режеп Таййип Эрдоган басма сөз жыйынында алааматтуу коронавируска байланышкан чектөөлөр кайрадан киргизилгенин кабарлады.

Кабыл алынган чечимге ылайык, 14-апрелден баштап өлкөдө кафе-ресторандарда тамактанууга болбойт. Ал эми тамак-ашты калайык өзү менен кошо ала кеткенге гана уруксат берилет.

Ошондой эле орозо айында “ооз ачтыруу” жөрөлгөсүн көп киши чакырып өткөрүүгө тыюу салынды.

Президент Эрдоган өлкөнүн 83 миллион калкынын 15 миллиону коронавируска каршы эмделгендигин ачыктады.

Анткен менен Түркияда беткап тагуу жана социалдык аралыкты кармоо эрежеси катуу сакталат. Мисалы, көчөгө беткапсыз чыккан кишиге 900 лира (120 доллар тегерегинде) айыппул салынат.

Коомдук унаа, соода борборлоруна жана ресторандарга кардарларга таза экенин тастыктаган код менен гана кирүүгө уруксат берилген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз