Жогорку Кеңештин депутаттары Сотторду тандоо кеңешинин 9 мүчөсүн шайлады.
Талапкерлер квотанын негизинде үч тараптан сунушталды.
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынан сунушталгандар:
- Мунара Жолдошова;
- Болоткан Дүйшөналиев;
- Жолдошбек Сулайманов.
Оппозициялык фракциялардан сунушталгандар:
- Алмазбек Арзыбаев;
- Бактыбек Сатылганов;
- Динара Качкыналиева.
Соттор кеңешинен сунушталгандар:
- Шералы Камчыбеков;
- Мирад Диниев;
- Эмира Барктабасова.
Натыйжада добушка коюлуп, талапкерлердин баарын шайлоого 62 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.