Пятница, 17 мая

Сутка ичинде коронавирус 164 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 164 адамдан табылды. Бул тууралуу тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Ага ылайык, Бишкекте – 97, Ош шаары – 4, Чүй облусунда – 51, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 2 жана Нарын облусунда – 2 кишиден илдет табылган.

“Ал эми бир сутка ичинде 88 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бишкекте – 46, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 32, Ысык-Көл облусу – 3, Жалал-Абад облусунда – 4 адам айыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 504 бейтап, амбулатордук түрдө 688 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 538 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 897 киши айыгып чыкса, 1 миң 500 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз