Чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгы (YTB) президенттиктин колдоосу менен Ахмет Йассави университети (@AhmetYeseviUni), кыргыз-түрк «Манас» университети (@manasuniv), Ташкент мамлекеттик Чыгыш таануу институту жана Ташкент мамлекеттик Алишер Навои атындагы өзбек тили жана адабияты университеттеринин биргелешип өткөрүүчү “Евразия Жаштар мектеби программасына” каттоо башталды.
Семинарды өткөрүү май-июнь айларына пландалууда. Каалоочулар 31-марттан 14-апрелге чейин катталса болот. Долбоор 12 жумага созулуп, түркчө интерактивдик семинарлар онлайн өткөрүлөт.
Кеңири маалыматты ytb.gov.tr/duyurular/avrasya-genclik-okulu сайтынан ала аласыз.