АКШнын президенти Жо Байден диний лидерлерди коомдорду Ковид- 19га каршы эмдөө алууга үндөөгө чакырды.
Жо Байден кечээ миңден ашуун диний лидер жана коомдун өкүлдөрү менен онлайн режимде сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүдө Ковид- 19 менен күрөшүүдө жергиликтүү лидерлердин абдан маанилүү орунга ээ экендигин баса белгилеген Байден : «Сиздерди вакцина сөзүн жайылтууга жана баарын кезеги келгенде эмдөө алууга үндөөгө чакырамын»,- деди.
Байден адамдардын жолугушуусу жана ибадат жерлеринин ачылышы үчүн Ковид-19ду жеңүүнүн маанисин баса белгиледи.