Суббота, 18 мая

Тайванда үч күндүк аза күтүү каадасы башталды

0

Тайвандагылар поюзд кырсыгынан каза болгондор үчүн аза күтүүдө.

Тынч океандагы чакан арал өлкө болгон Тайвандагы акыркы ондогон жылдардагы эң алааматтуу темир жол кырсыгы болуп калган бул окуяда 50 киши өмүрүнөн айрылды.

Куткаруу топтору 3-апрелде рельстен чыгып кеткен жүргүнчү поюздун бырын-чырын болгон вагондорун темир жолдун сыртына чыгаруу жумуштарын уланышты.

Жумуриятта желектер жарым-жартылай түшүрүлүп, курман болгондорду жоктоо үчүн үч күн аза күтүү жөрөлгөлөрү аткарылат.

Тайвань Темир жол башкармалыгы билдиргендей, поюз Хуалян аймагындагы курулуш жүрүп жаткан жайга жакын жерде жантайып барып, темир жолго кулап түшкөн техникалык тейлөө унаасы менен кагылышкандан кийин рельстен чыгып кеткен.

Хуалян аймагындагы райондук прокуратуранын маалымдашынча, техникалык тейлөө унаасынын тормозу туура эмес басылган экен. Бул жөнүндө прокуратурага курулуш жайынын жетекчиси тастыктаган.

Прокуратура айып тагууга даяр эместигин билдирди. Поюз туннелге кирээрдин алдында анын тумшук жагы алиги унаага тийди, деп расмий өкүлдөр билдиришти. Кырсыктан өлгөндөрдөн тышкары кеминде 175 киши жаракат алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз