Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 139 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте –123, Чүй облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 10, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 3 кишиден илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 107 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 77, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 3 киши айыкты.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 1 адам каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 648 бейтап, амбулатордук түрдө 774 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 153 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 271 киши айыгып чыкса, 1 миң 507 адам каза болду.