Британияда коронавируска каршы иштелип чыккан Oxford-AstraZeneca вакцинасы менен эмделген 7 адам кандын уюшунан каза болду.
Өлкөдөгү Оксфорд-АстраЗенека вакцинасын алган 18,1 миллион адамдын 30унда кан уюу байкалды. Британиянын Дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды жөнгө салуу мекемеси (MHRA) тарабынан жасалган билдирүүгө караганда, ушул 30 адамдын 7си көз жумду.
MHRAнын маалыматы боюнча, учурда тромбдор менен Оксфорд-AstraZeneca вакцинасынын ортосунда байланыш бар экендигин тастыктаган эч кандай далил жок.
Өлүм менен вакцинанын ортосунда байланыш бар же жок экендигин аныктоо үчүн дагы деле иликтөө иштери уланып жатат.
Буга чейин кээ бир Европа өлкөлөрү вакцинаны колдонууну токтотушкан же жаш куракка жараша вакцинанын колдонулушуна чектөө коюшкан болчу.