Суббота, 27 апреля

Путин 2036-жылга чейин президенттик кызматта калууга мүмкүндүк берген мыйзамга кол койду

0

Орусиянын президенти Владимир Путин азыркы өлкө башчыга дагы эки мөөнөткө талапкерлигин коюуга мүмкүндүк берген мыйзамга кол койду.

“Орусиянын президентин шайлоо тууралуу” мыйзамда президенттик кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлеп туруу боюнча айтылат.

Өзгөртүүлөрдөн кийин азыркы президент дагы эки мөөнөткө шайлануу үчүн талапкерлигин коё алары жана ага мурдагы мөөнөттөр кошулбай турганы маалым.

Эгерде Орусиянын Президенти сөз болуп жаткан шайлоолордо жеңип чыкса, анда ал 2036-жылга чейин президенттик кызматта кала алат.

20 жылдан ашуун бийликте турган Путин азыр 68 жашта.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз