Четверг, 25 апреля

Сатылып алынган вакциналар канча кишиге жетет?

0

Кыргыз өкмөтү Орусиядан сатып алчу «Спутник V» вакцинасы 118 миң кишиге ылайыкталган. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргыз бийлиги Орусиянын коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын сатып алуу үчүн 215 млн. сом бөлгөнү жатканын айткан. Вакцинаны акысыз негизде 65 жаштан өткөндөр, өнөкөт оорусу барлар жана каалоочулар алса болору кошумчаланган.

Мындан тышкары, министрдин орун басары ушул тапта Кыргызстан боюнча 644 киши коронавируска каршы эмделгенин билдирди.

«29-марттан 5-апрелге чейин 644 киши эмделди. Алардын 214ү Бишкектин, 258и Ош шаарынын, 109у Чүй облусунун тургундары. Ал эми Ош облусунан 20, Ысык-Көлдөн 43 киши вакцина алды», — деди Бектурганов.

29-мартта башталган эмдөөнүн алгачкы этабында кыргызстандык медиктер Кытайдан жардам иретинде келген Sinopharm вакцинасын пайдаланып жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз