Среда, 24 апреля

Бала бакчалар жана мектептер кайрадан жабылды

0

Бишкекте 12-апрелден баштап коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканга чейин балдар бакчасы кайрадан жабылып, окуучулар онлайн окууга өтөт.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мындай чечим бүгүн шаардын эпидемиологиялык комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.

«Шайлоо тилкелери жайгашкан 14 бала бакча 2021-жылдын 8-апрелинен тарта жабылат», — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кошумчалашкандай, учурда шаарда санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарбалык субъекттер боюнча мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз