Суббота, 20 апреля

Мьянмада нааразычылык акцияга катышкандардан 570 киши каза болду

0

Мьянмада аскердик төңкөрүшкө жана шайланган өкмөт мүчөлөрүнүн камалышына каршы нааразычылык акциялары уланууда. Коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсүнүн натыйжасында өмүрүнөн айрылгандардын саны 570ке жетти.

Саясий туткундарга жардам берүү уюму (AAPP) өзүнүн күнүмдүк отчетунда акыркы 24 саат ичинде дагы 6 адам каза болгонун жарыялады.

Отчетто жалпы курмандыктардын 570ке чейин көбөйгөнү жана 2 миң 728 кишинин кармалгандыгы белгиленди.

Төңкөрүшкө каршы болгон 443 адамга камакка алуу ордери бар.

Экинчи жагынан, Мьянманын чыгышындагы Шан провинциясынын Таиланд чек арасында жашаган көптөгөн жарандар армия аймакка абадан сокку урушу мүмкүн деп, үйлөрүн таштап, баш калкалоочу жайларды кура башташты.

Айрым жарандар коргонуу үчүн баш калкалоочу жайларды казышса, айрымдары Таиланддын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жатышат.

Мьянма армиясы 2020-жылы 8-ноябрда өткөн шайлоодогу бурмалоолор жана өлкөдөгү саясий чыңалуунун күчөшүнөн кийин 1-февралда бийликти басып алган.

Армия көптөгөн чиновниктерди жана башкаруучу партиянын лидерлерин, анын ичинде өлкөнүн иш жүзүндө лидери жана тышкы иштер министри Аун Сан Су Чийди камакка алып, бир жылга өзгөчө кырдаал жарыялады.

Өлкөдө масштабдуу демонстрациялар уланып жатканда, камакта жаткан мамлекеттик жогорку даражалуу адамдар аскер сотунда соттолууда.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз