Суббота, 27 апреля

Кыргызстанда 7-апрель элдик революция күнү белгиленүүдө

0

Жылдагыдай эле быйыл да 7-апрель Элдик Апрель революциясы күнү жумуш эмес күн катары белгиленүүдө.

Расмий иш-чараларга бийлик жетекчилери, кандуу окуяда курман болгондордун жакындары, апрель революциясынын катышуучулары, коомчулук өкүлдөрү катышмакчы.

2010-жылы Кыргызстанда көп миңдеген адамдар ошол учурдагы президент Бакиевди үй-бүлөлүк коррупциялашкан режим орнотту деп айыптап, каршылык акцияларына чыгышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү жана жакындары менен өлкөдөн качып кетип, Беларуска барып баш калка тапкан.

Ак үйдүн алдында демонстранттарга ок атылып, сексенге жакын адам курман болуп, үч жүздөн ашуун адам ар кандай жаракат алышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз