Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Рамазан айындагы фитир-садака берүүнүн өлчөмүн аныктады.
Эскертүү: Фитир-садака берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.
«Бааларды туруксуздугуна байланыштуу фитир-садака берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз», — деп кошумчалашты муфтияттан.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Орозо айы 13-апрелде башталат.