Суббота, 27 апреля

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу РИИБдин кызматкерлерине кылмыш иш козголду

0

Бишкектен уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине шалаакылык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Кылмыш ишин Бишкек шаардык прокуратурасы козгогону, тергөө ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылганы айтылат.

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип үч шектүү кармалды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз