Бишкек шаарында 10-11-апрель күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жарманке Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жана Свердлов райондук администрациясы, Т. Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
Азык-түлүктөрдүн баасы:
Уй эти — 390-405 сом;
Жылкы эти — 380-390 сом;
Кой эти — 400-405 сом;
Тоок эти — 200-210 сом;
“Царь” суу майы — 130-132 сом;
“Лучазерное” суу майы — 130-132 сом;
“Ласка” суу майы — 130 сом;
Фирма жумурткасы — 75-85 сом;
Үй жумурткасы — 90-95 сом;
Кайыңды шекери — 56 сом, 5 кг 280 сом;
Алма — 30-60 сом;
Сабиз — 10-15 сом;
Картөшкө — 28 сом;
Пияз — 14-16 сом;
Ун — 27-38 сом.