Четверг, 18 апреля

Айзаданын өлүмү боюнча 44 милиция кызматкери жазага тартылды

0

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча иликтөөдөн кийин Ички иштер тармагындагы бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкерлери жана жетекчилери өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгы аныкталган.

Анын жыйынтыгы менен жооптуу 12 кызматкер иштен алынып, 32си тартиптик жазага алды.

Кызматтан бошотулгандар:

Бишкек шаардык милициянын начальниги Бакыт Матмусаев;

Бишкек ШИИББдин жетекчисинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрлан Атантаев;

Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов;

Биринчи май РИИБдин начальниги Акылбек Казакеев;

Биринчи май РИИБдин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары И. Базаркулов;

Биринчи май РИИБдин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары К. Суранчиев;

Биринчи май РИИБдин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары А. Өзүбеков;

Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткерлери Б.Абдиллаев, Ж. Тукешов;

Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү У.Арыкбаев;

Чүй облустук милициянын Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери Ч.Абыкеев, инспектор-нөөмөтчүсү М.Уметалиев.

Мындан сырткары, Чүй облустук жана Бишкек шаардык милицияда иштеген 32 кызматкер тартип жазасына тартылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз