Пятница, 26 апреля

Нидерландияда мечитке коркутуу каты жиберилди

0

Нидерландиянын Алмере шаарындагы Өмер Ибн Эль Хаттаб мечитине «мусулмандар тирүүлөй өрттөлүшү керек» деп жазылган коркутуу каты жөнөтүлдү.

Өмер Ибн Эль Хаттаб мечитинин социалдык медиа эсебинен  акыркы 6 жылда мечитке 3 жолу кол салуу болду деген маалымат билдирилди. Маалыматта бул жолу коркутуу каты жиберилгендиги белгиленди.

Катта булар орун алган :»Мусулмандар күнөөлүү жана тирүүлөй өрттөлүшү керек. Бардык мечиттер өрттөлүшү керек. Бардык марокколуктар жана түрктөр өлкөдөн чыгып кетиши керек, болбосо алар Освенцимдеги еврейлердей газга  ууланат. Жашасын Жеңиш (Сиг Хейл). Адольф Гитлер азыр да жашап жатат «.

Жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган кабарларда мечит фондунун жетекчилери полицияга арызданып, полициянын  окуяны териштиргени билдирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз