Вторник, 7 мая

Сутка ичинде коронавирус 208 адамдан аныкталды

0

Сутка ичинде коронавирус дагы 208 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 74, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 47, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 112 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 80, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2, Чүйдө бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 838 бейтап, амбулатордук түрдө 978 адам дарыланууда. 600 бейтаптын абалы орто оордукта, 199 адамдын абалы оор жана 25 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 90 миң 227 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 925 киши айыгып чыкса, 1 миң 522 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз