Пятница, 22 ноября

АКШ Орусияны Украина боюнча эскертти

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик катчысы Антоний Блинкендин айтымында, эгер Орусия Украинага карата агрессивдүү позицияны карманса, анын кесепети болушу мүмкүн.

Блинкен NBC телеканалына берген билдирүүсүндө Украина-Россия чек арасындагы акыркы окуяларга токтолду.

Орусиянын Украинанын чек араларындагы аракеттерине байланыштуу олуттуу кооптонуулары бар экендигин айткан Блинкен: «Президент Жо Байден бул маселеде абдан так. Эгер Орусия ойлонбостон же агрессивдүү мамиле жасаса, анын кесепети болот»,- деди.

Украинанын Башкы штабынын башчысы Руслан Хомчак 30-мартта парламентте сүйлөгөн сөзүндө Орусия машыгууну шылтоолоп, Украинанын чек арасына жакын аймакка аскерлерин жөнөтүп жаткандыгын билдирди.

Ал эми Орусия болсо жүк өткөрүү өлкөнүн чегинде болгонун жана эч кимге коркунуч туудурбагандыгын билдирди.

Донбасстагы кризистин чечилишине байланыштуу Орусия, Украина жана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) кирген үч тараптуу байланыш тобу 2020-жылдын 27-июлуна карата ок атышууну токтотуу боюнча кеңири чечим кабыл алган.

2014-жылдан бери ушул чөлкөмдө көзкарандысыздыгын жарыялаган  орусиячыл жикчилдер менен Киев бийлигинин ортосундагы кагылышууларда 13 миңден ашуун адам каза тапкан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз