Пятница, 17 мая

Кыргызстандан дары-дармек жана медициналык буюмдарды экспорттоого тыюу салынды

0

Дары-дармекти жана медициналык буюмдарды Кыргызcтандан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Документтин максаты — калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, эпидемиологиялык оор кырдаалды алдын алуу үчүн дары-дармектин жетишсиздигине жол бербөө.

Экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын тизмеси өкмөттүн сайтына тиркелген.

Андагы маалыматка караганда, дары-дармектин 80, медициналык буюмдардын 64 түрүн сыртка сатууга тыюу салынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз