Суббота, 18 мая

COVID-19: ПЦР-тест менен компьютердик томография арзандайт

0

Коронавирустун болжолдонуп жаткан үчүнчү толкунунда жеке лаборатория менен медициналык борборлордо ПЦР-тест, компьютердик томография жана санариптүү R-графия арзандайт. Бул тууралуу өкмөт маалымдады.

Маалыматка ылайык, жеке лабораторияларда ПЦР-изилдөө 2 300 сомдон 1 600 сомго түшөт, башкача айтканда, 30 пайызга арзандайт.

Айрым медициналык борборлордо компьютердик томография жана санариптүү R-графия 20 пайызга арзандады. Ошондой эле жеке медициналык жайлары күнү-түнү нөөмөт менен иштей турганы чечилген. Коронавируска чалдыккандардын дары-дармегинин баасын азайтуу да пландалып жатканы айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз