Суббота, 18 апреля

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы 7 партиянын өкүлдөрү митингге чыгышты

0

Бүгүн, 12-апрелде БШКнын имаратынын алдына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес болгон 7 партиянын өкүлдөрү митингге чыгышты.

“Бүтүн Кыргызстан”, “Улуу Журт”, “Кыргызстан коммунисттер партиясы”, Кыргызстандын социалисттик партиясы, “Тынчтык”, “Улутман” жана Кыргызстан демократиялык кыймылы партияларынын тарапкерлери тынчтык акциясын өткөрүштү.

Митингчилердин бири Амантур Манапбаевдин айтымында, шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогондор аны кайра өткөрүүнү талап кылышууда.

Ал 7%дык босого чектен өткөн партиялар добуш сатып алуу менен мыйзам бузушканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-апрелде Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине алты партия өттү. Алар: Эмгек (13,87 пайыз), Ак Бата (12,15 пайыз), НДПК (10,7 пайыз), Ата Журт Кыргызстан (9,63 пайыз), Биздин Эл (7,73 пайыз) ), Ынтымак (8,3 пайыз).

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз