Зекет деген эмне? Араб тилинде «зекет» деген сөздүн сөздүктөгү мааниси – “тазалык, көбөйүү, өсүү”, шарияттагы мааниси — бул колунда бардар адамдын (нисабга ээ) өзүнүн мүлкүнөн Алла Таала белгилеген (кырктан бир бөлүк) өлчөмүн кедей жана колунда жок адамдарга, бөлүнгөн мүлк ошол адамдардын менчигине өтүү жана эч кандай кайра кайтаруусуз шарты менен таратуу.
Зекет бул Алла Таала буйрук кылган фарз ибадат. Мындайча айтканда зекет — намаз, орозо жана ажылык сыяктуу эле фарз болуп эсептелет. Зекет бул Исламдын беш түркүгүнүн бири.
Зекет берүунүн жолдору кандай, кайсы мүлккө зекет берилет деген сыяктуу суроолорго муфтият сунуштамасын жарыялады.
Ага ылайык, ар бир мусулман пенденин бодо малынын саны (уй, топоз) 30га жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир жаштан ашкан кунажын зекет катары берилет.
Ал эми короосунда 40тан ашык кой-эчки багылып турса, анын ичинен бирөөнү зекетке берүү сунушталат. Ошону менен бирге беш төөгө бир кой каралган.
Муфтият мал көбөйгөн сайын зекет эсептери да өзгөрө турганын белгиледи.
Ошондой эле зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү үй, автоунаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк жана башка нерсе менен берилбей турганын эскертүүдө.