Четверг, 2 мая

Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

0

Кечээ, 12-апрелде КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.

Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда элчи Өмүралиев кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз