Пятница, 22 ноября

Окуу жайларга жылына эки ирет абитуриент кабыл алуу каралууда

0

Кыргызстанда ЖОЖдор менен кесиптик орто билим берүү мекемелери бир жылда абитуриенттерди эки ирет кабыл алышы мүмкүн. Бул боюнча токтом долбоору өкмөткө жөнөтүлгөнүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга катара министрликтин программасы менен тааныштырып жатып айтты.

«Кесиптик билим алууну мурдагыдан дагы жеткиликтүү кылуу үчүн окуу жайлар абитуриенттерди бир жылда эки ирет кабыл алсын деп жатабыз. Бул тажрыйба көптөгөн чет өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келе жатат», — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле ал ЖОЖдорго студенттерди мурдагыдай бир гана багытта окутпастан, бири-бирине шайкеш келген бир канча кесипти кошуп үйрөтүү тапшырмасы коюлуп жатканын айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз