Воскресенье, 19 мая

Сутка ичинде коронавирус 240 адамдан аныкталды

0

Сутка ичинде коронавирус дагы 240 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 133, Чүй облусунда – 85, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 10, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 161 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 118, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда 8, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 968 бейтап, амбулатордук түрдө 1058 адам дарыланууда. 675 бейтаптын абалы орто оордукта, 228 адамдын абалы оор жана 40 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 90 миң 839 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 313 киши айыгып чыкса, 1 миң 534 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз