Воскресенье, 5 мая

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар ачкачылык акциясына чыгышты

0

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдында бүгүн, 14-апрелде ачкачылык акциясы башталды. Аны жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар уюштуруп жатканын Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын мүчөсү Амантур Манапбаев билдирди.

Анын айтымында, акция буга чейин сегиз саясий партиянын атынан жөнөтүлгөн кайрылууга жооп алуу максатында уюштурулууда жана ал үч күн уланат:

«Бул шайлоо таза өткөн жок. Жыйынтыгы бурмаланды. Бул позицияны калың катмар эл колдоп жатат».

Манапбаев сегиз партия президентке, БШКга, Башкы прокуратурага кайрылуу жолдошконун, алардын арасында «Бүтүн Кыргызстан», «Тынчтык», «Жашылдар партиясы», «Коммунисттер партиясы», «Социалисттик партия», «Улутман», «Улуу журт» партиялары бар экенин, алардын ар биринен бирден-экиден өкүл ачкачылык акциясына катышарын билдирди.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Ага катышкан айрым партиялар 12-апрелде «бир катар одоно мыйзам бузуу болду» деген негизде башкалаадагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эгерде кайсы бир шайлоо тилкесинде эреже бузуу аныкталса ал жердеги добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарыларын, партиялар менен талапкерлерге да чара көрүлөрүн билдирген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз