Суббота, 21 сентября

COVID-19: Кыргызстанга 420 миң доза AstraZeneca вакцинасы келет

0

Кыргызстанга майда коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын 420 миң дозасы келет. Бул тууралуу республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга аталган вакцинаны алып келүү макулдашылган.

“Бирок вакцинанын терс таасири тууралуу маалымат тарагандыктан Кыргызстан аны алууну убактылуу токтоткон. Кийинчерээк Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму терс таасир тууралуу учурлар AstraZeneca вакцинасына тиешеси жоктугу жөнүндө корутунду чыгарган. Бир катар өлкө эмдөө иштерин жандантты. Кыргызстан кирген “Ковакс” программасы КМШ өлкөлөргө вакцинаны бөлдү. Ага ылайык, Өзбекстанга 660 миң доза, Кыргызстанга 420 миң доза, Тажикстанга 290 миң доза берилет. Бул биринчи этап, экинчи этапта биз башка вакцинаны да тандасак болот”, — дейт ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз