Четверг, 2 мая

Кыргызстан менен Түркиянын маданият министрлеринин жолугушуусу болду

0

Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Кыргызстандын Маданият, маалымат, жаштар жана спорт министри Кайрат Иманалиев менен жолугушту.

Маданият жана туризм министрлигинде басма сөзгө жабык өткөн жолугушууга Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүрамиев жана кыргыз расмий өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөрдө кыргыз жана түрк драматургдарынын чыгармаларын Түркия жана Кыргызстанда эки тараптуу түрдө сахналаштыруу жаатында кызматташуу боюнча макулдашылып, өлкөлөрдүн маданий жана көркөм баалуулуктары талкууланды.

Түрк Кеңеши менен ТҮРКСОЙ багытында жүргүзүлгөн кызматташтыкты андан ары өркүндөтүү, мындан тышкары, ушул алкакта белгилүү түрк инсандарын Кыргызстанга жайылтуу боюнча бир пикирге келишти.

Эки министр, 2022-жылы Түркияда өтө турган 4- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө маалымат алмашышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз