Пятница, 17 мая

Сутка ичинде коронавирус 305 адамдан аныкталды

0

Сутка ичинде коронавирус дагы 305 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 186, Чүй облусунда – 89, Ош шаарында – 7, Ысык-Көл облусунда – 12, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 178 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 109, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 55, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2 бейтап каза болду. Ошентип каза болгондордун жалпы саны 1 миң 540 адамга жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1010 бейтап, амбулатордук түрдө 1139 адам дарыланууда. 675 бейтаптын абалы орто оордукта, 228 адамдын абалы оор жана 40 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз