Пятница, 17 мая

Түркия менен Кыргызстанда Маданият күнүн өткөрүү талкууланды

0

Түркиянын президенттик аппараттын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен жолугушту.

Президенттик аппараттын Коммуникация башкармалыгынын башчылыгында болуп өткөн жыйналышта, медиа, коммуникация, маданият жана  коомдук дипломатия жаатында Түркия менен Кыргызстандын карым-катнаштарын өркүндөтүү кадамдары талкууланды.

Министр Иманалиев жалпыга маалымдоо каражаттары, кинолордогу жана сериалдардагы кызматташтыктын бекемделишинин маанисин баса белгилеп, маданият жана социалдык медиа  маселелеринде Түркия менен иштешүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Мындан сырткары эки тарап Юнус Эмре атындагы  маданий борборун ачууну, ошондой эле эки өлкөдө тең Маданият күнүн өткөрүүнүн жол жобосун пландоо тууралуу сүйлөшүштү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз