Суббота, 18 мая

Бишкекте медкызматкерлер тынчтык жүрүшүнө чыгышты

0

Ак үйдүн алдында башкалаадагы жүзгө чукул медициналык кызматкер тынчтык акциясына чыгышты.

Алар коронавирус пандемиясынын шартында иштегени менен «өкмөт убада кылган кенемте берилбеди, айлыктар көтөрүлгөн жок» деп нааразылык билдиришти. Акцияга чыккандардын бири Кемелбек Мамыров ооруган кызматкерлердин баарына кенемтени тегиз берүүгө бийликти чакырды.

Чогулгандардын айрымдары «Өкмөттүн компенсация төлөө убадасы аткарылган жок!», «Медайымдарга да 1-апрелден тартып 100% айлык!» деген жазууларды көтөрүп турушту.

Президентке, өкмөткө кайрылган медайымдар айлыкты 50% эмес, 100% көбөйтүүнү суранышты. Алар оор шартта иштеген учурда элдин кол салуусуна кабылган учурларын эске салып, кол тийбестик тууралуу маселени да көтөрүштү.

Мындан тышкары коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге кенемте туура каралып, туура бөлүштүрүлбөй жатканын айтышып, муну чечип берүүнү талап кылышты.

Уюштуруучулардын айтымында, акцияга негизинен «кызыл зонада» иштегендер келди. Нааразы тарап өкмөткө жана президентке кайрылуу жолдошту.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз