Воскресенье, 19 мая

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт (Тизме)

0

Бүгүн, 19-апрелде Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында «Түндүк электр» ишканасы билдирди.

Бул күнү трансформатордук көмөк чордондордо техникалык жактан тейлөө, зымдарды кайрадан тартуу жана кабелдерге тоскоолдук жараткан бутактарды кыркуу сыяктуу иштер жүргүзүлөт.

Жарык өчө турган аймактар:

  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Чыңгыз Айтматов проспектиндеги №14 үй, Дордой, Ак-Ордо (Жаңы-Жол, Падыша-Ата, Сокулук көчөлөрү), Арча-Бешик (Ойсул-Ата, Бердибаев, Кривоносов көчөлөрү, Эр Тайлак, Репина, Валдай, Ак-Түз көчөлөрүнүн бөлүгү), Ак-Өргө (Кыбыла, Ак-Ордо, Тогуз-Канат, Таш-Рабат көчөлөрү), Көлмө (Кулиев, Махатма Ганди, Республика, Максат, Жеткинчек көчөлөрүнүн бөлүгү) конуштарында;
  • 9:30-17:00 — 10-кичи райондогу №14, Кахов көчөсүндөгү №37 үйлөрдө;
  • 9:30-18:40 — Элебесов, Карагач көчөлөрүнүн ортосунда, Енисей жана Арал тар көчөлөрүндө;
  • 9:30-19:00 — Көк-Жар конушунун Сайма-Таш, Молдокулов, Акылбеков, Арстанбап көчөлөрүндө;
  • 3:00-17:00 — Бакай-Ата конушунун Табылды, Ырчы-Уул, Анар, Көкчө көчөлөрүндө.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз