Воскресенье, 19 мая

COVID-19: Коронавирус мурда ооруп айыккандардан да табылууда

0

Кыргызстанда коронавирус мурда ооруп айыккандардан да кайрадан табылып жатат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн карантин киргизүү тууралуу ниети жок. Вирустун алдын алуу үчүн эмдөө иштери уланууда:

«Кызыл зонада оор абалда жаткан бейтаптар менен жолугуп, сурасам алар «былтыр ооруганбыз, эми оорубайбыз деп ойлогонбуз» дешти. Быйыл катуу ооруп атышат. Каза болгондор да күндөн-күнгө өсүп жатат. Былтыркыдай карантин киргизе албайбыз. Аны экономика көтөрө албайт. Азыр эмдөө жүрүп жатат «.

Пандемия башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда коронавирус 91 миңден ашуун адамга жукту. 1559 киши каза болду.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз