Европа Биримдиги (ЕБ) Американын фармацевтикалык компаниясы Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниясы тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасынан дагы 100 миллион доза сатып алды.
Pfizer жана BioNTech компанияларынын билдирүүсүндө, Европа Биримдигине мурда макулдашылган 500 миллион дозадан тышкары дагы 100 миллион доза вакцинанын жеткирилери белгиленди.
Билдирүүдө 100 миллион доза вакцинанын 2021 — жылы таркатылышы күтүлүп жатканы маалымдалды.