Суббота, 18 мая

Сегиз партиянын өкүлдөрү «Ата-Журт Кыргызстанга» каршы чыгышты

0

Кыргызстандагы сегиз партиянын өкүлдөрү 20-апрелде Бишкекте «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына каршы басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынан аталган партиянын талапкерлерин жергиликтүү кеңештерге шайлоого каттоону жокко чыгарууну талап кылышты.

«Улуу Журт», «Айкөл Кыргызстан», Коммунисттер партиясы, «Улукман», ДДК, «Бүтүн Кыргызстан», «Бийлик элге» жана «Жашылдар» партиясынын жүйөөсүнө караганда, «Ата-Журт Кыргызстан» шайлоого алты ай калганга чейин каттоодон өткөн эмес. Алар партия мурда «Единство народа» деп аталганын, шайлоого бир жарым ай калганда «Ата-Журт Кыргызстан» деп өзгөрүп калганын белгилешүүдө. Нааразы болгондор муну кайра каттоо эмес, жаңыдан каттоо деп эсептешет.

11-апрелде Кыргызстанда шаардык кеңештерге шайлоо болуп, ага катышкан партиялардын арасында «Ата-Журт — Кыргызстан» көп жерде 7% чектен өтүп, жеңишке жеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз