Четверг, 9 мая

Быйыл 9-май Жеңиш күнү майрамдалбайт

0

Бишкекте 29-апрель — шаар күнү  жана 9-май — Жеңиш күнүн  массалык майрамдоо токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.

Бишкекте пандемия башталгандан бери 32 миң 649 учур катталды. Өткөн суткада 117 адам жуктурганы аныкталган.

Мэрия шаардыктарды санитардык эрежелерди сактап, ден соолукка кам көрүүгө чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз