Суббота, 27 апреля

Сутка ичинде коронавирус 380 адамдан табылды

0

Сутка ичинде коронавирус дагы 380 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 246, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 91, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 15, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 164 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 94, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 44, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Баткен облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 352 бейтап, амбулатордук түрдө 1 556 адам дарыланууда. 962 бейтаптын абалы орто оордукта, 316 адамдын абалы оор жана 52 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 93 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 554 киши айыгып чыкса, 1 миң 566 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз