Пятница, 10 мая

Кыргызстанда 12 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү

0

Кыргызстанда 21-апрелге карата 12 миңден ашуун адам коронавируска каршы Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы менен эмделди. Акыркы бир суткада бир жарым миңдей киши вакцина алды. Алардын 108ине эмдөөнүн экинчи дозасы берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы менен башталган.

Австриянын «AstraZeneca» вакцинасы келери, Орусиядан «Спутник V» вакцинасын алуу пландалып жатканы айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз