Воскресенье, 28 апреля

Кыргызстанда коронавирустун «британиялык» штаммы катталды

0

Кыргызстанда биринчи жолу коронавирустун «британиялык» штаммы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, Новосибирскидеги лабораториядан келген анализдердин жыйынтыгы Кыргызстанда штаммдын бар экендигин тастыктаган.

Буга чейин вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов «британиялык» штамм азыркы учурда Кыргызстанда бар же жогун тактоо кыйын экенин, бул үчүн тиешелүү аспаптар менен жабдылган лаборатория керектигин айткан.

Былтыр декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын табышкан. Ал тездик менен тарап жатканы, буга чейинки вируска караганда жугуштуулугу 70 пайызга бат экени маалым болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз