Воскресенье, 28 апреля

Францияда карантиндик чектөөлөр 3-майдан тарта алынат

0

Францияда коронавирус пандемиясынан улам киргизилген айрым чектөөлөр 3-майдан тарта алынат. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлү Габриэль Атталдын айтымына таянып, РИА Новости кабарлады.

«3-майдан тарта аймактар аралык кыймыл жанданат. Ошондой эле бара турган жакты көрсөткөн маалым кат талап кылынбай калат. Майдын ортосунан тарта бир катар ресторандар жана маданий жайлар ачылары күтүлүүдө», — деген Атталь.

Эске салсак, апрелде Францияда коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталганына байланыштуу карантиндик чектөөлөр кирген. Анда мектеп, дүкөндөр жабылып, маалым каты жок жарандар үйүнөн 10 чакырым алыс жерге бара албай, аймактар аралык кыймыл токтотулган.

Учурда аталган мамлекетте азыркыга дейре саат 19:00дөн 06:00гө чейин коменданттык саат күчүндө. Октябрдын аягынан бери Францияда кафе, ресторан, бар жана маданий жайлар иштей элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз