Понедельник, 20 мая

Сербиянын президенти: «Биз НАТОго кошулууну каалабайбыз”

0

Сербиянын шаарларында Түндүк атлантика альянсынын ал кездеги Слободан Милошевичтин режимине каршы аскердик операциясынын башталгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу иш чара болуп өттү. Православ храмдарында чокунуу жөрөлгөлөрү аткарылды.

Сербиянын азыркы  президенти  Александр Вучич жолугушуулардын биринде сүйлөп жатып НАТОнун аракетин агрессия деп атады: «Ал кылмыштар үчүн эч ким жооптуу деп табылган эмес. Сербиянын жарандары, НАТОнун агрессиясы багытталган бута болгон, кийин алар бул кадамы катачылык болгон деп моюнга алышкан. Биз үчүн бул эч качан катачылык болгон эмес, биз эч качан бул балдарды да, бул адамдарды да унутпайбыз. Сербиянын эли татыктуу чечим кабыл алды: биз НАТОго кошулууну каалабайбыз, биздин тандообуз – кошулбаган мамлекет болуу”.

Косоволук сепаратисттер жана Белграддын аскердик бөлүктөрүнүн ортосундагы эл аралык коомчулуктун колдоосу менен түзүлгөн көптөгөн жарашуулар натыйжасыз болгон, укук коргоо уюмдары Косово жана Метохияда этникалык тазалоо жүрүп жаткандыгын (кийинчерээк бул фактылар сотто тастыкталган) айтышкан.

Косоводогу курмандыктардын саны 1999-жылдын март-июнь айларында 10 миңге жеткен жана алардын көпчүлүгү – косоволук албандар.

Операция башталганга бир жарым жума калганда баардык тараптардын кароосуна эл аралык келишим тобунун жаңы планы берилген. Жөнгө салуу планы сепаратисттер тарабынан кабыл алынып, бирок Белград жана Москва тарабынан жокко чыгарылган. НАТОнун операциясы 10-июлга чейин улантылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз