Суббота, 18 мая

Израиль Газага чабуул жасоону улантууда

0

Акыркы сааттарда Газа секторундагы ар кайсы райондордо жайгашкан 15 палестиналык каршылык көрсөтүү жайлары бомбаланды.

Израилдин аскер-аба күчтөрү жарашуу тууралуу макулдашууга карабастан Газа секторуна чабуул коюуну улантууда.

Күбөлөрдүн айтуусунда, израилдик авиация “Иззеддин аль-Кассамдын бригадасы”  (ХАМАС кыймылынын күжүрмөн бөлүгү) деп аталган топтун Бейт Ханун эл жашаган айылындагы объектилерине чабуул жасады. Натыйжада ал жерге жакын жайгашкан Омер бин Абдулазиздин мечити күйүп кеткен.

Жарандык коргонуу отряды жалынды өчүрүп калышкан.

Мындан тышкары изарилдик авиация жана артиллерия Газанын түндүк, түштүк жана борбордук райондорундагы айыл чарба жерлерине сокку урду.

Израиль армиясы билдиргендей, акыркы сааттарда Газа секторунун ар кайсы райондорундагы 15 палестиналык каршылык көрсөтүү жайлары Израилге палестиналык анклав тарабынан ракеталык атууга жооп иретинде чабуулга кабылган.

Израиль Газага кайрадан кечээ ХАМАС кыймылы Египеттин ортомчулугу менен тынчтык келишими түзүлгөндүгү тууралуу жарыясына карабастан чабуул жасады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз